Кыргызстандын Агартуу министрлиги үстүбүздөгү жылдын 29-майында өлкө мектептеринде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтөрүн расмий жарыялады. Бул күнү ар бир ата-эне өзгөчө толкунданып, баласынын мектепти аяктап жатканына сыймыктанары бышык.Министрлик балдардын өмүрүн сактоо жана коопсуздугун камсыздоо максатында ата-энелерге катуу талаптарды коюп, өзгөчө көңүл бурууга чакырат. 
Мектеп жетекчилигине же мугалимдерге кымбат баалуу белектерди берүү, салтанаттуу иш-чараларга жана башка шылтоолор менен акча жыйноого кескин тыюу салынат. Ата-энелер өздөрү демилге көтөрүп, башкаларды да чыгымга учураткан учурлар көп кездешет. Сиздин балаңыздын келечеги акча же кымбат белек менен өлчөнбөйт. Мыйзам бузууга катышпаңыз жана ага жол бербеңиз!

«Акыркы коңгуроодон» кийин мектептен тышкары жерлерде — кафелерде, ресторандарда же шаар сыртына чыгып, массалык көңүл ачуу кечелерин уюштурууга тыюу салынган. Мындай жайларда өспүрүмдөр чоңдордун көзөмөлүнөн чыгып, ичимдик ичүү, мушташуу сыяктуу терс көрүнүштөргө барышы мүмкүн.
Эскертүү: Салтанат мектептин ичинде гана аяктайт. Андан кийин балаңыздын кайда бара турганын, кимдер менен болорун тыкыр көзөмөлгө алуу — сиздин түздөн-түз милдетиңиз!
Бул күнү өспүрүмдөрдүн кымбат баалуу унааларды ижарага алып, кортеж менен шаар кыдыруусу эң чоң коркунуч бойдон калууда.
Катуу талап: Балаңызга унааңыздын ачкычын карматпаңыз! Айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок жаш өспүрүмдүн рулга отурушу — кылмышка тең шерик болуу дегенди түшүндүрөт. «Балам элден калбасын» деген куру намыс, бир заматта орду толгус өкүнүчкө алып келиши мүмкүн.
Агартуу министрлиги ата-энелерди өзгөчө ушул күнү балдарына убакыт бөлүп, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат. «Акыркы коңгуроо» — бул чоң турмушка кадам таштоо. Ал кадам коопсуз жана жаркын болушу үчүн балаңызды жалгыз калтырбаңыз, ар бир кадамын көзөмөлдөңүз. Балаңыздын өмүрү жана келечеги баарынан кымбат!
Даярдаган: Азема Сабырбекова