18-майда Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Соң-Көлдү сактоо» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. ИСУР коомдук уюму тарабынан уюштурулган бул демилгенин алкагында 20 окуучу жаратылышты коргоо жана лидерлик багытында атайын курсту аяктап, өздөрүнүн экологиялык долбоорлорун коомчулукка тартуулашты.

«Жаратылышты коргоочулар» жаш лидерлер мектебинин алкагында уюштурулган бул курста окуучулар Соң-Көлдүн экосистемасы, анын Рамсар конвенциясына кирген эл аралык маанидеги суулу-саздак жер катары өзгөчөлүгү, жайыттарды туруктуу башкаруу, ошондой эле лидерлик жана команда менен иштөө сыяктуу маанилүү темаларды терең үйрөнүштү.

Жыйынтыктоочу иш-чарада жаш лидерлер төрт топко бөлүнүп, «Соң-Көлдү сактап калууга кантип салым кошо алам?» деген темада өздөрүнүн долбоорлорун презентациялашты. Алсак, үй-чарбасында колдонуу үчүн жаандын суусун чогулта турган көчмө машинанын модели жана жайыттарда малдын ашыкча жайылышын көзөмөлдөө үчүн дрон менен байланышкан атайын телефон тиркемесин түзүү планы катышуучуларды кайдыгер калтырган жок.

Жайыттарда малдын ашыкча жайылышын көзөмөлдөө үчүн дрон менен байланышкан атайын телефон тиркемесин түзүү планын Бакыт Камчыбеков тааныштырууда.

Жаандын суусун чогулта турган көчмө машинанын моделин Аскат Таштанбеков тааныштырууда
Бул иш-чарага ИСУР коомдук фондунун менеджери Анара Момунова атайын катышып, калыстар тобун жетектеди. Ал окуучулардын экологиялык маселелерге болгон кызыгуусун жана заманбап идеяларын өзгөчө белгилеп, иш-чара тууралуу өзүнүн жылуу пикирин билдирди. Анара Момунова жаш муундун жаратылышты коргоого багытталган мындай демилгелери келечекте Соң-Көлдүн экосистемасын сактап калууда чоң өбөлгө болорун баса белгиледи. Окуучулардын сунуштаган долбоорлору калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда чоң кызыгууну жана кызуу талкууну жаратты.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө лидерлик сапаттары менен айырмаланган 8-класстын окуучусу Динара Маратова мугалимдердин жогорку баасына татыды. Окуучунун долбоорду жактаганына суктанып, биология мугалими Венера Акылова өз таасирлери менен бөлүштү: «Мурда катардагы сабактарда байкалбаган өзгөчө талант бул курстун жыйынтыгында ачылды. Анын чечендигин, топтун оюн туура жыйынтыктап, багыт бере алганын көрүп абдан кубандым».

8-класстын окуучусу Динара Маратова мугалимдердин жогорку баасына татыды.
«Соң-Көлдү сактоо» долбоору аймактагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө заманбап санариптик куралдарды, билим берүүнү жана жаштардын демилгесин айкалыштыруунун мыкты үлгүсү боло алды.

Жеңүүчүлөр сыйлануу учуру: 1-орундун ээлери 7-«А» классынын окуучулары.

2-орундун ээлери 8-«Б» классынын окуучулары.
3-орундун ээлери 7-«Б» классынын окуучулары.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.