Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жазгы айдап-себүү иштери 90 пайызга жакын аяктады. Быйыл Суусамыр айылында жазгы талаа жумуштары туруксуз аба ырайына жана жаздын кеч жылышына байланыштуу болжол менен бир айга кеч башталган.

Белгилүү болгондой, Суусамыр айылында дыйкандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Айдоо иштерине жергиликтүү дыйкандар гана эмес, коңшу райондордон келген чарбалар да катышат.
Айылдагы айдоо жерлеринин басымдуу бөлүгү кайрак жерлер болуп саналат. Климаттык шарттардын суук болушуна байланыштуу бул аймакта көбүнчө жылына бир жолу гана түшүм алынат. Ошого карабастан жергиликтүү дыйкандар арпа, буудай жана сулуу сыяктуу дан эгиндерин айдап келишет.
Даярдаган; Айчолпон Бактыбековна