Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №93 Жарлыгын ишке ашыруу жана энелерге көңүл буруу максатында Карасаев айыл өкмөтү тарабынан иш-чаралар планы бекитилип, 2026-жылдын 16-майынан 23-майына чейин «Аял-эне, аял-жар, үйдүн куту асылдар!» аттуу жумалык жарыяланган.
Жумалыктын алкагында 2026-жылдын 21-май күнү Арал айылындагы К.Курманалиев атындагы маданият үйүндө энелер күнү салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарага айыл аймагындагы сегиз айылдан 80 эне чакырылып, өзгөчө маанайдагы майрамга күбө болушту.

Иш-чарада Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Бакасов, айылдык кеңештин төрайымы Н.А.Амасбаева жана ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Масылов энелерди куттуктап, алардын үй-бүлө жана коомдогу орду тууралуу жылуу сөздөрүн айтышты.

Майрам айыл аймагынын маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, чакырылган энелерге баалуу белектер тапшырылып, сый тамак уюштурулду.
Иш-чараны өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 80 миң сом каражат жумшалып, майрам уюшкандыкта жана биримдикте өттү. Келген энелер уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ак баталарын берип тарашты.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров