Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери кыргыз элинин улуттук маданиятын даңазалаган “Сармерден” кыз-жигиттер таймашын өткөрүштү.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, уңгу жол” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулуп, ага Күнтуу айыл өкмөтү колдоо көрсөткөн.

Маданий кечеде мектептин айым мугалимдеринен түзүлгөн кыздар тобу менен агайлардан турган жигиттер тобу ар кыл өнөрлөрүн тартуулашты. Улуттук кийимчен сахнага чыккан мугалимдер саламдашуу, макал-лакап айтышуу, ыр-бий, жаңылмач жана шайыр тамашалар боюнча күч сынашты.
Айрыкча кыргыз тилинин байлыгын чагылдырган макал айтыштар, мукам ырлар жана улуттук бийлер көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Мугалимдердин сахнадагы чеберчилиги алардын кесипкөйлүгүн гана эмес, улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын да айгинеледи.
Жыйынтыгында калыстар тобу агартуучулардын өнөрүн жогору баалап, улуттук каада-салттарды кийинки муунга жеткирүү ар бир жарандын милдети экенин белгилешти. Таймаштын жыйынтыгында мырзалар тобу жеңишке жетишти.

Ошондой эле Күнтуу айыл аймагынын башчысы Мирбек Суюналиев мындай маданий иш-чаралар мындан ары да улантыларын айтып, агартуучуларга ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын соңунда мектеп жамаатына жана колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык айтылып, мугалимдерге чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук жана ынтымак кааланды.
Даярдаган: Перизат Каратаева,Раяна Бейшенбекова