2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлери үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чара Кыргыз Республикасында «Жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздери жана кибергигиена боюнча» өткөрүлүп жаткан «Билим жана коопсуздук» санариптик кербенинин алкагында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга жеке маалыматтарды коргоо, интернеттеги коопсуздук эрежелери жана кибергигиенанын негиздери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, жаш өспүрүмдөр үчүн даярдалган «Киберкоопсуздук алиппеси» китепчеси тартууланды. Анда заманбап технологияларды коопсуз пайдалануу, санариптик коркунучтардан сактануу жана онлайн-алдамчылардын тузагына түшүп калбоо боюнча пайдалуу кеңештер камтылган.
Адистер санариптик дүйнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергени менен, анда этияттык жана жоопкерчилик өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Кибергигиенанын жөнөкөй эрежелерин сактоо аркылуу жеке маалыматтарды жана түзмөктөрдү ар кандай коркунучтардан коргоого болору айтылды.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров