Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейинде курсанттар үчүн “Тамеки чегүү ден соолукка зыян” деген темада атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Ак-Талаа райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун санитардык көзөмөл бөлүмү тарабынан уюштурулуп, анда тамекинин, электрондук тамекинин жана насвайдын адамдын ден соолугуна тийгизген зыяндары тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.


Мындан сырткары курсанттардан тамекиге болгон көз карандылык тууралуу анкета алынды.
Окуу жайдын “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер) адистиги боюнча 353-группанын курсанты Бакыт Карымшаков тамекинин ден-соолукка тийгизген зыянын айтып берди.
Жыйынтыгында курсанттар, ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүү, зыяндуу адаттардан алыс болуу менен сергек жашоону калыптандыруу өз колуна алуу керек деген тыянакка келишти.
Даярдаган: Баяна Токтотемирова