Жалал-Абад курама командасы Республикалык таймашта байгелүү орун алышты. Токтогул райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин оор атлетика командасы толугу менен, жана спорттун башка түрлөрүнүн валейбол, футбол жана башка түрлөрүнөн өкүлдөрү катышты. Жалпы жыйынтыгы менен Жалал -Абад облусу 3-орунду ээлеп 1 млн акчалай приз менен сыйланды. Ал сыйлык 10 спорттун түрүнөн катышкан облустун курама командасына ыйгарылды. Токтогул районунун өкүлдөрүнүн салымдары чоң болду.

Валейбол боюнча команданы бул ийгиликке Т. Жаманкулов атындагы мектептин жана Токтогул балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин улук машыктыруучусу Жолдошалы уулу Нурбек баштап барды. Ал эми курама команданын сабында Кетмен-Дөбө өрөөнүндөгү Данканай атындагы орто мектебинин окуучусу Нургазиев Айдиншер мыкты оюн көрсөтүп, командалык жеңишке чоң салым кошту.
«Негизи балдар жана кыздар менен иштешүү, ар бир баланын жөндөмүн өз убагында байкап, аларга туура анализ жүргүзүү чоң жоопкерчиликти жана эмгекти талап кылат. Мен «баарын өзүм билем» дебестен, тажрыйбалуу улуу агайлардан ар дайым кеңеш алып турам. Айрыкча, мага көп насааттарын айтып, туура багыт көрсөткөн Казакбаев Айталы агайымдын орду өзгөчө. Ошондой эле, менин ишмердүүлүгүмдү ар тараптан колдоп, шарт түзүп берип жаткан Т. Жаманкулов атындагы мектептин директору Сансызбаев Ринат агайга жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Алыбеков Сүйүн агайга терең ыраазычылык билдирем. Мындай колдоо бизди жаңы жеңиштерге шыктандырат»деп билдирди машыктыруучу Нурбек Жолдошалы уулу.
Кыздар курама командасы дагы ийгиликке жетишти. Токтогул районунун кыздар курама командасы экинчи орунду камсыз кылды. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Нурманбетов атындагы мектептин окуучусу Касымова Канайым жогорку жыйынтык көрсөттү. Кыздар курама командасы райондук, облустук этаптарда дагы, көптөгөн ийгиликктерге жетишип келишкен.
Даярдаган: Азема Сабырбекова