Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында туристтик сезондун башталышынан улам, чет элден келген жарадарга жана ошондой эле мейманканаларга тушүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Суусамыр айылына жыл сайын чет өлкөдөн келген туристтердин саны көбөйүп жаткандыктан, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ар кандай кырсыктардын жана укук бузуулардын алдын алуу максатында Суусамыр айылдык милициясынын кызматкерлери эс алуу жайларын кыдырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуу жайларынын ээлерине жана кызматкерлерине туристтердин коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда тиешелүү кызматтарга ыкчам кайрылуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, коопсуздук эрежелерин так аткаруу боюнча маалыматтар жеткирилди.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна