2026-жылдын 1–3-июль күндөрү Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен бир катар өзгөчө кырдаалдар катталып, 3-июлда аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Сүрөт интернеттен алынды
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Абал менен жеринен таанышуу үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кочкор районуна барды.
1-июль күнү кечке жуук нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылында кокту-колоттон түшкөн сел суулары селден коргоочу дамбадан ашып, айылдагы турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Мындан улам 2-июлда кооптуу аймактагы 20 турак үйдөн 87 тургун коопсуз жайга эвакуацияланган.
Мындан тышкары сел Кара-Суу айылындагы Көл-Үкөк жайлоосундагы малчынын турак үйүн, сарайын жана малын каптап, унаа жолундагы көпүрөнү агызып кеткен. Малчынын үй-бүлөсү коопсуз жайга көчүрүлүп, жабыркаган малдын саны такталууда.
Ошондой эле Сары-Булак айылында коктудан түшкөн кыян суулар арыктарга батпай, ички чарбалык жолдорду, турак үйлөрдүн короолорун жана айрым инфраструктуралык объектилерди каптаган.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына ылайык, учурда кырдаал Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Жарандык коргоо кызматтарынын жана жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө.
Куткаруучулар жана Жарандык коргоо кызматтары тарабынан 50 метр ички арык, бир турак үйдүн короосу жана унаа жолу тазаланып, селден коргоочу дамбанын жээги 800 кап кум жана 250 куб метр топурак менен бекемделди.
Алдын ала маалымат боюнча, селдин кесепетинен адамдар жабыркаган жок.
Даярдаган: Нурия Карымбаева