Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, айылдын айрым көчөлөрүн жана короо-жайларды суу каптады.

Жергиликтүү тургундардын маалыматына ылайык, сел болжол менен кечки саат 20:50 чамасында жүргөн. Табигый кырсыктын кесепетинен айрым дыйкан чарбаларына жана турак үйлөрдүн короо-жайларына зыян келтирилген.
Учурда келтирилген чыгымдардын көлөмү такталып, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызматтар тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна