Футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионаты расмий түрдө аяктап, бир айдан ашык убакыт бою күйөрмандарга унутулгус эмоцияларды, күтүүсүз жыйынтыктарды жана тарыхый жетишкендиктерди тартуулады. Кыргызстандагы күйөрмандар үчүн бул дүйнөлүк масштабдагы спорт майрамынын бардык кызыктуу окуяларын «Укмуш ТВ» тиркемеси аркылуу түзмөктөрүнөн түз эфирде көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн эле.

Турнирдин эң башкы беттешинде Аргентина менен Испания командалары кез келип, тактикалык жана курч күрөшкө бай оюн көрсөттү. Аргентиналыктар турнирдин эң техникалуу командаларынын биринин чабуулун узак убакыт бою ийгиликтүү токтотуп туруп, негизги убакыт голсуз жыйынтыкталды.

Чечүүчү учур кошумча убакыттын 106-мүнөтүндө катталды. Алмашууга катышкан чабуулчу Ферран Торрес тарабынан киргизилген жалгыз гол оюндун тагдырын чечти. Жыйынтыгында 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен Испания курама командасы тарыхта экинчи жолу Дүйнө кубогун багындырды. Испаниялыктар биринчи титулун 2010-жылы уткан эле.

Жеке сыйлыктардын ээлери
Испания курама командасы башкы трофейди гана эмес, чемпионаттын негизги жеке сыйлыктарынын көбүн да өз ысымдарына жазышты:
Родри (жарым коргоочу) — ДЧ-2026нын мыкты оюнчусу аталып, «Алтын топту» алды.
Унаи Симон (дарбазачы) — мыкты дарбазачы катары «Алтын кол каптын» ээси болду.
Пау Кубарси (коргоочу) — чемпионаттын мыкты жаш оюнчусу деп табылды.

ДЧ-2026нын жаркын окуялары жана рекорддору
Үчүнчү орун үчүн оюн: Англия Францияны 6:4 эсебинде утуп, 1966-жылдан бери биринчи жолу эң мыкты үч команданын катарына кирди. Бул беттеш футбол тарыхындагы эң көп гол киргизилген оюн болуп калды.

Килиан Мбаппенин рекорду: Француз чабуулчусу Килиан Мбаппе Англия менен болгон оюнда эки гол киргизип, дүйнө чемпионаттарынын тарыхында киргизген голдорунун жалпы санын 22ге жеткирди жана бул жаңы рекорд болуп катталды. Ошондой эле турнирде жалпысынан 10 гол киргизип, мыкты бомбардир катары «Алтын бутсаны» энчиледи.

Азема Сабырбекова