Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылында жаңы балдар ойноочу аянтча пайдаланууга берилди. Бул айылдагы балдар үчүн коопсуз эс алуу жана ойноо мүмкүнчүлүгүн түзгөн маанилүү долбоор болду.

Кызыл-Ой айылындагы балдар ойноочу аянтчанын курулушу толугу менен аяктап, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Буга чейин айылда мындай жайдын жоктугу жергиликтүү тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Кызыл-Ой айылы Суусамыр өрөөнүндөгү туристтер көп каттаган аймактардын бири болуп саналат. Жыл сайын чет өлкөлүк жана жергиликтүү эс алуучулардын саны көбөйүп, туризм тармагы өнүгүүдө. Жаңы оюн аянтчасы айылдын инфраструктурасын жакшыртып, балдардын коопсуз жана кызыктуу убакыт өткөрүүсүнө шарт түзөт.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбекова