Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулуп жатат. Бул долбоор мектепке чейинки билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган.

Буга чейин Кожомкул айылындагы бала бакча мектептин имаратында жайгашып келген. Имараттын тардыгынан улам бардык балдарды камтып, толук кандуу шартта иш алып барууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Учурда жаңы бала бакчанын курулушу кызуу жүрүп жатат. Имараттын котлованы казылып, пайдубалы куюлуп бүттү. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилгенден кийин айылдагы мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна