Токтогул шаары өзүнүн ажайып жаратылышы, бай тарыхы жана Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы стратегиялык мааниси менен айырмаланат.

Токтогул шаары Нарын өрөөнүндө, бийик тоолордун курчоосунда жайгашкан. Аймакты курчаган тоо кыркалары, арча токойлору жана мөңгүлөрдөн башталган тунук суулар бул жердин жаратылышына өзгөчө көрк берип турат. Жай мезгили мелүүн жылуу болсо, кышы салыштырмалуу жумшак өтөт. Шаардын аймагынан Кыргызстандын башкы суу артерияларынын бири болгон Нарын дарыясы агып өтөт.

Токтогул району Борбор Азиядагы эң ири гидроэнергетикалык борборлордун бири болуп саналат. Бул жерде жайгашкан Токтогул суу сактагычы өлкөдөгү эң ири жасалма көл болуп эсептелет. Ал энергетикалык гана эмес, ирригация жана суу чарбачылыгы үчүн да чоң мааниге ээ.
Токтогул ГЭСи Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылган негизги объектилердин бири болуп, өлкөнүн электр энергиясынын олуттуу бөлүгүн өндүрөт.

Шаар жана район кыргыз элинин улуу акыны, комузчусу жана ойчулу Токтогул Сатылгановдун ысымын алып жүрөт. Акындын туулуп-өскөн жери ушул аймак болгондуктан, анын өмүрү жана чыгармачылыгы жергиликтүү эл үчүн өзгөчө сыймык болуп саналат.

Совет мезгилинде Токтогул ГЭСинин курулушу менен шаар тездик менен өнүгүп, энергетиктердин борборуна айланган. Кийинчерээк райондук борбор катары өнүгүүсүн улантып, бүгүнкү күндө облустагы маанилүү шаарлардын бири болуп эсептелет.

Токтогул суу сактагычы курулган учурда мурдагы Токтогул кыштагы суу алдында калып, анын тургундары жаңы конуштарга көчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө район өзүнүн экологиялык жактан таза балы, тоо жемиштери жана кооз жаратылышы менен өлкөгө кеңири таанымал.
Токтогул – тарых менен бүгүнкү күндү айкалыштырган, энергетикалык кубаты жана табигый кооздугу менен Кыргызстандагы өзгөчө аймактардын бири.
Даярдаган: Диана Теңизбекова