Билим берүү мекемелеринде калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аймактагы бала бакча жана мектеп окуу жылына жана кышкы мезгилге карата жылуулук системаларын толугу менен жаңылап, түрткү берүүчү гранттардын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолууда.
«Нур Чолпон» бала бакчасында жылуулук системасы жаңыланды
«Нур Чолпон» бала бакчасынын директору Назгүл Асанкожо кызынын билдиргенине караганда, мекеменин жылытуу системасы түрткү берүүчү гранттын эсебинен толугу менен алмаштырылды. Гранттын көлөмү 980 миң сомду түзсө, айыл өкмөтү тарабынан өздук салым катары 160 миң сом бөлүнүп берилген. Бул каражатка имараттын жылытуу түтүктөрү жана жабдуулары толугу менен жаңысына алмаштырылды.



Асыранбек Мааткеримов атындагы мектепте оңдоо иштери жүрүүдө
Ал эми Асыранбек Мааткеримов атындагы мектептин директору Рахат Арпачиеванын айтымында, мектепти кышка даярдоо үчүн түрткү берүүчү гранттан 2 миллион 51 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка төмөнкү иштер аткарылууда:
№1 корпустун ички жылытуу системасы толугу менен алмаштырылды;
Мектептин ашканасына жаңы жылытуу системасы жана өзүнчө меш орнотулууда;
Кошумча жаңы от казан (котел) алынды.

Курулуш жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан адистер бардык жумуштарды август айынын аягына чейин толугу менен бүткөрүп берүүнү убада кылышууда.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.