Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында күзгү эгин жыйноо жана терүү иштеринин мезгили башталганына байланыштуу, айыл аймагындагы атайын техникалардын кызмат көрсөтүү тарифтери бекитилди.

Суусамыр айыл өкмөтү бекиткен тарифке ылайык:
комбайн — 1 гектарга 2000 сом жана 20 литр дизелдик күйүүчү май;
КамАЗ — 4000 сом;
ЗИЛ — 2000 сом;
ГАЗ-53 — 1500 сом.
Айыл өкмөттөн маалымдашкандай, көрсөтүлгөн баалар айдоо жеринин алыстыгына жана иштин татаалдыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Дыйкандардын айтымында, быйыл жаан-чачындын көп болушуна байланыштуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу жакшы болот деп күтүлүүдө.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна.