Түп районунда «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү. Иш-чара 28-августта Түп райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында уюштурулду.
Кеңешме концерттик программа менен башталып, музыкалык мектептин фольклордук ансамбли жана БӨЧБнын бийчилер тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Жыйында Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Абдылдаев 2025–2026-окуу жылында аткарылган иштер боюнча маалымат берип, негизги жетишкендиктерге жана көрсөткүчтөргө токтолду.

Ошондой эле «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» темасында усулдук кабинеттин башчысы Гүлжан Дүйшеева баяндама жасап, билим берүү тармагындагы усулдук иштер жана жаңы окуу жылына карата милдеттер тууралуу маалымат берди.
Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тимур Мадяров билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди мындан ары дагы жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү милдеттерди койду.
Кеңешменин жүрүшүндө 2026–2027-окуу жылында мектептерге ишке орношуп, алгачкы эмгек жолун баштаган жаш мугалимдердин ант берүү аземи өттү.
Ошондой эле Ж. Асаналиев атындагы мектептин директору жетишкендиктер боюнча презентация жасады.
Ант берген жаш мугалимдерге райондун жетекчиси тарабынан тушоо кесүү баракчасы тапшырылып, кесиптик жолунда ийгиликтер кааланды.
Иш-чаранын соңунда билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров