Токтогул шаарында 2026–2027-окуу жылына карата билим берүү кызматкерлеринин «Доор өзгөрткөн билим: Жаратман мугалим – Өнүккөн өлкө!» аталышындагы салттуу август педагогикалык форуму өттү.

Иш-чара Маданият үйүндө жана №2 Бөкөнбаев атындагы мектептин базасында уюштурулду.
Салтанаттуу жыйын Балдар чыгармачылык үйүнүн өнөрлүү кыздарынын концерттик программасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин аткарылышы менен башталды.
Педагогикалык форумду Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Олжобаев ачып, агартуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин мугалимдерге болгон кайрылуусу окулду. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн 2025–2026-окуу жылында аткарган иштери тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Урматбек Самаев жана башка аймактык жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтып, педагогдорго жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалашты.

«Жылдын мыктылары» сыйланды
Форумдун жүрүшүндө 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен өзгөчөлөнгөн алдыңкы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине райондук профсоюз комитети тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
«Жылдын мыкты мектеби» номинациясы боюнча:
1-орун – №1 Токтогул атындагы орто мектеби;
2-орун – №28 Т. Ормонбеков атындагы орто мектеби;
3-орун – №32 Бекназар атындагы орто мектеби.
«Жылдын мыкты бала бакчасы» номинациясы боюнча:
1-орун – №2 «Арча-Бешик» МЧББУ;
2-орун – №1 «Достук» МЧББУ;
3-орун – №13 «Байчечекей» МЧББУ.


12 жылдык билим берүү системасына өтүү талкууланды
Форумдун негизги темаларынын бири өлкөдөгү билим берүү реформасы жана 12 жылдык окутуу системасына өтүү маселеси болду.
Панелдик талкууга усулчулар, мектеп директорлору, мугалимдер жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө окуу процессинде заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу, жаш адистерди колдоо жана алардын кесиптик өсүшүнө шарт түзүү, ошондой эле мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө мугалимдер үчүн предметтер жана багыттар боюнча секциялык усулдук окуулар өткөрүлүп, жаңы окуу жылына карата практикалык сунуштар берилди.
Форумдун жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2026–2027-окуу жылына карата негизги тапшырмаларды жана милдеттерди камтыган резолюция кабыл алынды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова