Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жогорку класстарынын окуучулары, мектеп директору жана мугалимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына экскурсияга барышты.

Экскурсиянын максаты — окуучулардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишмердиги жана мамлекеттик башкаруу системасы тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, мыйзам чыгаруу процесси жана парламенттин түзүмү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле жыйындар залы жана имараттагы башка жайлар менен таанышышты.

Мындай экскурсиялар окуучуларга мамлекеттик органдардын ишмердиги менен жакындан таанышып, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Даярдаган: Бакыт Кожокматов