Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери Күнтуу айыл аймагындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде сабактарга катышып, педагогикалык жамаатка усулдук-методикалык жардам көрсөтүштү. Иш-чаранын алкагында мектептин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдык маселелери да каралды.

Жолугушууга Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев, жетектөөчү адистер жана усулчулар катышты. Алар сабактарга байкоо жүргүзүп, мугалимдерге окутуунун сапатын жогорулатуу, заманбап ыкмаларды колдонуу жана окуу-тарбия иштерин натыйжалуу уюштуруу боюнча сунуштарын беришти.

Мектептин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү
Жолугушуунун жүрүшүндө мектептин ишмердүүлүгүнө комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү. Анда окуу планынын аткарылышы, ашкананын иши, тиешелүү иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушу каралды.
Өзгөчө учурдагы 11 жылдык билим берүү системасында колдонулуп жаткан окуу китептеринин жетиштүүлүгүнө жана «Алтын Казык» программасынын алкагында 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдык көрүү үчүн зарыл болгон окуу китептери менен камсыздоо маселесине көңүл бурулду.
Мониторингдин жыйынтыгында мектептин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, окуу процессин талаптарга ылайык уюштуруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.
12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдык талкууланды
Жолугушуунун маанилүү багыттарынын бири — «Алтын Казык» программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүгө даярдык көрүү болду.
Бул багытта мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу, окуучулардын билим алуу муктаждыктарын эске алуу жана окуу процессин жаңы талаптарга ылайык уюштуруу маселелери талкууланды.
Мектеп директору Айдай Джолчубекова жаш жетекчи катары мындай колдоонун маанилүү экенин белгиледи:
«Сабактарга катышып, мектептин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп, тажрыйба бөлүшүп, баалуу сунуштарын берген Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевге, жетектөөчү адистерге жана усулчуларга терең ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө окуучуларга сапаттуу билим берүү менен бирге, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдык көрүү — алдыбыздагы маанилүү милдеттердин бири. Берилген сунуштар мектептин ишин жакшыртууга өбөлгө түзөт», — деди ал.

Ал эми мектептин жаш мугалими Бектур Кожобеков усулдук жолугушуу кесиптик өнүгүүгө жана билим берүү системасындагы жаңыланууларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтты:
«Сабактарга катышуу жана адистердин сунуштарын угуу бизге сабак өтүүнүн натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүүгө, тажрыйбабызды өркүндөтүүгө жардам берет. Айрыкча, 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдануу боюнча жаңы талаптарды түшүнүү биз үчүн маанилүү. Көрсөтүлгөн усулдук колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи ал.
Мындай иш-чаралар жаш жетекчилердин башкаруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга жана билим берүү тармагындагы жаңыланууларды ишке ашырууга багытталган.
Мектептин жамааты көрсөтүлгөн колдоо жана баалуу сунуштар үчүн Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине, адистерине жана усулчуларына ыраазычылык билдирди.
Даярдагандар: Сайкал Азатбек кызы, Айсулуу Шаршеналы кызы