Кочкор райондук тарыхый музейинде окуучулардын экологиялык билимин жогорулатуу, жаратылышка болгон сүйүүсүн артыруу жана Кыргызстандын сейрек кездешүүчұ жаныбарларын коргоого үндөө максатында NABU Кыргызстан уюмунун адистери тарабынан таанытуучу иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө NABU Кыргызстан уюмунун адиси Алтын Казакбаева окуучуларга Кыргызстандын аймагында жашаган жапайы жаныбарлар, алардын жашоо чөйрөсү, өзгөчөлүктөрү жана жаратылыштагы орду тууралуу кеңири маалымат берип кетти. Атайын уюштурулган көргөзмө аркылуу балдар өлкөбүздүн жаныбарлар дүйнөсү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын символдорунун бири болгон ак илбирске бурулду. Окуучуларга ак илбирстин жашоо образы, тоолуу аймактардагы табигый чөйрөсү, ошондой эле аны сактоо жана коргоонун манилүүлүгү тууралуу маалымат алышты. Теманы балдарга кызыктуу жана жеткиликтүү жеткирүү максатында ак илбирс жөнүндө атайын мультфилм көрсөтүлдү.
Маалыматтык бөлүмдөн кийин Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин 5 жана 7 класстардын окуучуларына кызыктуу оюндар жана суроо-жооптор уюштурулду. Балдар активдүү катышып, алган билимдерин сынап, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан окуучуларга чака белектер тапшырылды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева