Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын саны долбоордук сыйымдуулуктан үч эседен ашык көбөйгөн. Учурда 150 окуучуга ылайыкталган мектепте 500гө жакын бала үч сменде билим алууда. Бул маселе тиешелүү жетекчилердин катышуусунда жеринен каралды.

27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараеванын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев жана Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев мектепке барышты.


Иш сапардын жүрүшүндө жетекчилер окуу жайдын инфраструктурасы, окуучулардын санынын өсүшү, үч сменде билим берүү жана кошумча окуу имаратына болгон муктаждык менен таанышты.
Мектеп директору Айдай Джолчубекованын маалыматына караганда, акыркы жылдары жакынкы сегиз багбанчылык дачасына жана социалдык шаарчага калктын көп жайгашуусунан улам окуучулардын саны кескин өскөн. Натыйжада мектеп үч сменде иштөөгө аргасыз болууда.

Директор окуучулар үчүн кеңири, заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп, мектептин учурдагы абалы жана материалдык-техникалык базасы тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев мектептеги АИС «Күндөлүк» электрондук системасынын жүргүзүлүшү менен таанышты. Электрондук журналдардын толтурулушу, чейректик көрсөткүчтөр, класстар боюнча мониторинг жана маалыматтардын актуалдуулугу каралды. Ошондой эле системаны туура жана өз убагында жүргүзүү боюнча методикалык түшүндүрмөлөр берилди.
Мектептеги орун тартыштыгы маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. Тактап айтканда, 2025-жылы IV Элдик курултайдын делегаты Асылгүл Жаныбаева окуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу көйгөйдү көтөрүп чыккан.
Бул жолку иш сапар мектептеги абал менен жеринен таанышып, маселени чечүү жолдорун кароо максатында уюштурулду.
Мектеп администрациясы көйгөйгө көңүл буруп, аны чечүү демилгесин көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараевага жана иш сапарга катышкан тиешелүү жетекчилерге ыраазычылык билдирди.
Даярдагандар: Айсулуу Шаршеналы кызы, Зарина Соорбекова