Кара-Суу айылынын жашоочуларынын баардыгы уй багышат. Колдорунда барлары 4-5 уй кармашат. Уй – үй-бүлөнүн кирешесинин негизгилеринин бири, ар жума сайын накталай акча сүт өткөргөндөргө түшүп турат.
Азыр айылда мал көп. Уйдун саны 200гө жетип калды, андан башка кой, жылкы багышат. Мал менен Суусамырга, жайлоого чыга башташты.
“Кара-Суу айылында 19-кылымдын 95-жылдарынан бери тургундар сүт өткөрүп, оокат кылып келе жатышат. Ошол убактан бери сүттү Ставрополовка айылынын тургуну Костенко Татьяна алып келе жатат. Мен дайыма сүттү Таняга өткөрөм, жыл бою. Азыр сүттүн баасы литрине 16 сом, кышында 18 сомго чыгат. Таня жакшы иштейт, сүт алынбай калган күн болбойт. Азыр ага баласы, Павел, жардам берип жүрөт.
Ар жума сайын биз менен эсептешип, акчабызды берип турат. Азыркы убакта күнүнө 25 литрге чейин өткөрөм, үч уйдан. Анткени күн ысып, сүт аз. Жазында 50-60 литрге чейин өткөрүп жаттым. Сүттөн түшкөн акчаны тамак-ашка жумшайбыз», — дейт айылыдын тургуну Ашырова Кымбат.
Үй жаныбарларын багуу — айылдыктардын негизги иштеринин бири. Алардын ичинен уй баласы азыркы убакта айылдыктарды накталай акча менен жыл бою камсыз кылып, келе жатат.
Даярдаган: Чакчагаев С.