Кызыл- Туу айылынын жаштары кызыктуу жолугушуунун кγбөсү болушту. Аларга айыл тургуну Калипа апа жылдыздар тууралуу уламыштарды айтып берди.
«Менин атым Калипа. Мен 77 жаштамын. Бул мектепке байланышып калганымдын себеби, балдарым-неберелерим ушул мектепте окуп жатышат. Ошондуктан, бул мектеп менен тыгыз байланышып иштеп калгам. Азыр мен силерге Үркөр жылдызы жөнүндө айтып берейин.
Ай санасан жетөө үчөөнө жакын турат, ортосунда бир, өйдө жагында үчөө. Ошону Үркөр жылдыз дейт, «Үркөр жылдыз батканча эмизген энекем» деген ыр дагы бар. Ал экөө жанашып өтөт. Жанашып жүрөт дагы, ал жылдыз же астыга кетпейт, же артка кетпейт. Дайыма жанында жүрөт. Жут жыл болоордо ал жылдыз ай менен өтүп барып астына туруп алат. Ошондо бороон болот, кыш калың түшөт, үшүк жүрөт. Эгерде арт жагында калса анда жай жакшы болот, жаз жакшы болот, жана эгиндин түшүмү мол болот. Үркөр жылдыз айга тийишпей өтүп кеткен учурлар да болот. Анан дагы «Чолпон жылдыз» дегени дагы бар. Чолпон жылдызы бешөө, айдын каптал жагында жүрөт. Бирок анын эч жаманчылыгы жок. Ал жакшы ай. Анын шаңы бар, жакшы жыл болордо аябай жаркырап күйөт. Илгери ата-бабалар айтышчы: «Сары жылдыз жанашып калды, малды кункойго кыштатыш керек «,- деп. Жазгы күнү тескей чыгат, анткени чөп жакшы чыгат.
«Саманчынын жолу» бул узунунан кеткен ак сызык. Түндө асманды карасаң карта сыяктуу. Ошол жылдыздын тегерегиндеги башка жылдыздар балбылдап турат. Саманчынын жолу ай менен чогуу батып кетет. Күн батканда, ай чыкканда кошо чогуу чыгат. Саманчынын жолу ал жакшы жылдыз. Эң жарык жылдыз Чолпон жылдызы, жапжарык болуп балбылдап турат, карагың эле келет. Анан дагы беш жылдыз деген дагы карап турсан, аябай жакшы көрүнөт. Беш жылдызды карап каалонду айтсаң каалоң буйруса аткарылат. Учкан жылдызды «Учкун» деп аташат. Учкунду карап каалоо айтсан деле болот. Анын учуп кеткени жакшы. Эч зыяны жок»- деп айтты Калипа апа.
Калипа апа ушул айтып берген уламыштарын жаш келин кезинде кайынатасынан угуп жаштарга айтып берүүдө.
Даярдагандар: Сайкал Медербекова, Каныкей Кенешова