Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын Акыл эмгеги маданияты сабагы боюнча мугалими Бакытбек Сапаркулов Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2019-жылдын 26-27- апрель күндөрү болуп өткөн Х Эл аралык илимий-практикалык симпозиумда илимий доклад жасады.
Симпозиумда доклад жасагандыгы үчүн атайын сертификат алган Бакытбек Сапаркулов, төмөнкүлөрдү маалымдады:
«Симпозиум Кыргыз Республикасынын Билим берүү Академиясы тарабынан демилгеленип, Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынын иш жүзүнө ашты. «Ыйык Ата журт» коомдук жаштар фонду уюштуруу иштерине ар тараптуу колдоо көрсөттү. Симпозиумда Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти- Алмаз Токтомаметов, ОшГПИнин ректору-Бекмурза Зулуев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов баш болгон кыргыз педагогикасынын көч баштоочулары, профессор-окумуштуулар жана көптөгөн илим изилдөөчүлөр болуп жалпысынан 300 ашуун катышуучулар болду. 7 Пленарлык, 7 секцияда бардыгы 91 доклад окулду. Симпозиумда чет өлкөлөрдөн келгендердин ичинен Австралиялык, Назарбаев Университетинин профессору Элейн Шарлин, АКШдан келген АУЦА профессору Тамо Чаттопадхай, Өзбекстандан келген профессор- Дармон Ураевалар өтө маанилүү доклад жасашты. Эң кызыгы Назарбаев Университетинин профессору, Канададагы Торонто Университетинин доктору Дүйшөн Шаматовдун докладынан кийин катышуучулар дээрлик 5 минута кол чаап турду.
«Санариптештирүү жана инновация» секциясында доклад жасадым, секция жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, Ала-Тоо Эл аралык университетинин окутуучусу Рустам Умаров: «Максаттуу, жетүү жолдору көрсөтүлгөн, инновациялык сунуш, жогорку окуу жайларында да колдонсо жакшы натыйжа берет,»- деп пикирин билдирди.
«Докладда келтирилген сунушту бардык мектептерде жайылтууга мыйзам жол берет, кошумча каражат да, атайын шарт да талап кылынбаган жөнөкөй ыкма экен. Бул сунушту Кыргыз билим беруу академиясына жеткиремин»- деп Кыргыз билим беруу академиясынын өкүлү, педагогика илимдеринин кандидаты Жумабаева Гулайым пикирин билдирди.
«Эл аралык деңгээлдеги симпозиумга сунушталган көптөгөн докладдардын ичинен тандалынып алынып, кароодон өтүп, андан сырткары жасаган доклад үчүн сертификат алуу — педагогикалык ишмердүүлүгүмдөгү жетишкендигим деп эсептеймин, бул үчүн илимий жаатта- Устазым, илимий жетекчим педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими- Гапыр Мадаминовго, жана практика жаатында насаатчы болгон №9-мектеп гимназиясынын директору Базаргул Рустамовага, мугалим Ракыя Молдокановаларга чын дилден ыраазычылык билдиремин»- дейт симпозиумдун катышуучусу Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Бактыгул Калмурзаева