Түп районуна караштуу Карасаев аймагына Швейцариянын өкүлдөрү тарабынан жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Аталган иш-чаранын максаты — айыл тургундарынын жашоо турмушун жакшыртуу.
Аталган иш-чарада айыл элдерин топко бөлүп 28 бодо мал жана 3 айыл-чарба техникалары берилди. Мындан тышкары Тоң райондорун кошкондо 54 мал 7 техника берилет.
Швейцариялык өкүл Рене Холес Сайн тургундар берген малдын жана техниканын 25 пайызын кайтарып бериши керек экенин жана кайтарылган акча каражаты Ысык-Көл облусунда жашоо турмушту оңдоого жумшаарын айтты.
«Азыркы тапта бул долбоор Ысык-Көлдүн Тоң жана Түп райондорунда өткөзүлүп жатат. Биз айыл-чарба техникаларын алып келдик. Алар өзүңүздөр көргөндөй эле трактор, чөп чапкыч жана үрөн сепкич берип жатабыз. Биз бардыгын бекер берип жатабыз десек жаңылышабыз. Эмки жылы түзүлгөн өз ара топтун мүчөсү уйдун 25 пайызын төлөп бериши керек. Жыл сайын 25 пайыздан төлөп олтуруп акыры уйдун баасынан кутулушат. Себеби адамдарга бекер берип койсоң, ал иш ийгиликсиз болуп калат экен», — деп билдирди Рене Холес Сайн.
Ал эми асыл тукум малдын ээси болгон Асел Байсариеванын айтымында, ФАОнун уюштурганы айылдагы жетишпеген жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жакшы болуп жатат.
«Бизге бул иш-чара жакшы болуп жатат. Биз бештен болуп топко бөлүнүп жыл сайын алмашып бул малды алабыз. Ал эми малдын төлү музоосу өзүбүзгө калат. Негизи жакшы болуп жатат. Сүтү да керек», — деп билдирип өттү Байсариева.
Ал эми айыл тургуну Эркинбек Дүйшөбаев биз менен болгон жалпы 54 уйдун 28и Тасма айылына берилгенин, анын ичинен беш уй азырынча алынып келингенин билдирди.
«Элдер топторго бөлүнүп, жыл сайын уйду алмаштырып багып музоолору өзүнө калат. Ошонтип көп үй-бүлөлөр бутуна тура алышат. Ал эми техникалар ортого келди», — деп айтты Дүйшөбаев.
Даярдаган: Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн