Нарын районунун Куланак айылында былтыркыга салыштырмалуу чөптүн баасы 30-40 сом болуп калды. Эмне себептен арзандагандыгы билип көрүү үчүн биз айыл тургундары менен маек курдук.

Бердибек Абдраев:
“Быйыл чөптүн баасы 1-чабык 30-40 сом болду, ал эми 2-чабык 50 сомдун тегереги болду. Чөптөн чыккан акча актаган жок. Мен эсептеп көрдүм. Эгерде 100 боо чөптү пресстеткен киши 50 сомдон сатса 5000 сом табат, ал эми чыгашасы 6000 сом болот. Чөп көп чыккандыгына байланыштуу арзан болду”.


Зайырбек Бейшегулов:
«Чөп көп жерге чыкса керек, былтыркыдай болгон жок. Былтыркы чөптүн жарым баасынан да арзан болуп кетти. Талаанын чөбүн жыйнаган эмгегибиз гана болуп калды. Мен быйыл эң арзан баада чөп сатып алдым. Жаан-чачын болду, жердин баарына чөп чыкты ошол үчүн арзан болуп жатты. Мисалга алсак Ат-Башы өрөөнү мурун бизден чөп сатып алышчу”.


Кенжебек Абдрахманов:
«Азыр тескерисинче сатып жатышат. Бардык жерде чөп сатып жатышса, албетте арзан болот. Быйылкы жыл түшүмдүү болгону менен чөп сатып иштеген адамдар ойдогудай киреше таба алышкан жок”.

Авторлор: Мунара Дүйшөнбекова, Медина Сарбагыш кызы
Редактор: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн