Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы мугалимдер 24-сентябрда боло турган өрөөндүк спратакиядага даярданып жатышат.

Аталган даярдыктар спорт залда жүрүп жатат жана мугалимдерге көмөк көрсөтүү максатында кружоктогу окуучулар да баскетбол ойноп жатышат.

Бул туурасында баскетбол оюнуна катыша турган мугалим Кубаныч Ибраимов мындайча баяндады.
— Биз 24-сентябрда Жанбулак айылында боло турган спартакиадага даярданып жаткан учурубуз. Негизи биздин мектептен 20 оюнчу барабыз. Аркан тартыш, футбол, баскетбол, шахмат боюнча барабыз. Мен дене тарбия сабагынан окуучуларга сабак берем. Ошонуну негизинде кружок ачкам, кружокко катышкан окуучуларды биз менен өзүнчө команда болуп ойноп, чоң жардам көрсөтүп жатышат.

Бул спартакиадага көп жылдан бери катышып келеген мугалимдер да бар. Башталгыч класстын жаш мугалими Жазира эже өз сөзүндө мындай деди.

— Былтыр 13 окуучу катышкан быйыл 15 оюнчуга жетпейт жатат. Былтыр өрөөндөн баскетболдон 3-орун алганбыз жана футболдон 1-орун камсыз кылганбыз.
Даярдаган: Абаз Марсбеков, Бекмырза Бекмурат уулу, Баястан Жеңишбек уулу.
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн