Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов орто мектебинин окуучулары кол эмгек сабагында кыздар сайма сайса, эркек балдар ат жабдыктарын жасашат.
Мектептеги 6-класста өтүлгөн кол эмгек сабагынан кыздар сайма сайышып, курак курашат. Ал эми эркек балдар устачылык менен алектенишип, камчыларды өрүшөт.

Айдар Курнатбай уулу 7-класстын окуучусу, эки жылдан бери өрмө өргөнүн айтат.
“Ушул убакыттын ичинде көптөгөн өрмөнүн түрүн үйрөндүм, мисалы 8,12,14. Андан тышкары тоголок жана төрт бурч кылып өргөндү үйрөндүм. Мен өрмөгө абдан кызыгам жана башкаларга азыр үйрөтүү аракетиндемин”, — деп билдирди Айдар.
Бермет Рустемова 6-класстын окуучусу, сабакта үйрөнгөндөрүн төмөндөгүчө баяндап берди.

“Биз кыздар эмгек сабагында курак курап сайма сайабыз. Биз көбүнчө жаныбарлардын сүрөттөрүн жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн түшүрүп саябыз”, — дейт ал.
Даярдагандар: Кемелов Ариет, Бекболотов Акназар.
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн