Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну М. Иманалиев атындагы орто мектебинин эмгекке үйрөтүү сабагынын мугалими Алмаз Садыков көптөгөн жетишкендиктерге жетишип келүүдө.
Ал даяр булгаарылардан ат жабдыктарын жана ар түрдүү буюмдарды жасайт. Бул иш менен 2002-жылдан бери алектенип келүүдө. Өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу Алмаз Садыков буларга токтолду.

“Мени эч ким деле финансы жактан каржылабайт, өзүмдүн жеке чөнтөгүмөн чыгат. Бирок ошол жасалган буюмдарды сатып кайра ага материал алып иштетем. 2006-жылы “Соң-Көлдү Манас жердеген” деген чоң көргөзмө өткөн, ал жерден жакшы ийгиликтерге жетишкем. Андан кийин Тайлак баатырдын 220 жылдыгында 2-орунду алдым, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунуа” да катышып, кол өнөрчүлөрдүн арасынан 3-орунду алгам.

Өнөркананы кичине чоңойтуп, айылда бош жүргөн балдарды жумушка тартып, менин жанымда отуруп иштеп үйрөнгүлө деп атам. Келечекте чоң цех кылып айылдагы жаш балдарды тартсамбы дейм. Материалдарды 3-4 жерден алабыз, анан атайын цехтерге заказ берип алабыз. Айыл жеринде деле алчу адамдар көп эле, бирок негизгисин чет жактарга сатам”, — деп айтып берди ал.

Агайдын жолун улап, кол өнөрчүлүккө кызыккан балдар аз эмес. Алардын ичинен Нуржигит Асейин уулу агайынан өрүмдөрдү үйрөнүп жатканын айтты.

“Көп өрүмдөрдүн түрүн үйрөнүп жатабыз. Мисалга ала кетсек, сегиз жип менен төрт кыр өрүп, ноктолорду түйүп жана башка нерселерди үйрөнүп атабыз. Келечекте мен жүгөн жасап жана ээр чапканды үйрөнгүм келет. Ошолорго абдан кызыгам. Негизи кыргыз баласы болгондон кийин бардык нерселерди жасаганды билиш керек. Жана башка кыргыздын улуттук буюмдарын жасаганды үйрөнгүм келет. Мага агайдын жасаган нерселери абдан жагат. Бул жакка келип агайдын жасагандарын көргүм эле келет, бирок кээде колум бошобой калат”, — дейт жаш кол өнөрчү.

Алмаз Садыков келечекте өнөркананы чоңойтуп, жумушсуз жүргөн жаш балдарды кызыктырып үйрөтсөм деген ою бар.
Даярдаган: Индира Алмазбек кызы, Элдар Аманбеков