Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы алма бакты карап, 24 жылдан бери ишкердик менен алектенип келген Кеңеш Итиманов менен маек курдук.
Кеңеш Итиманов:

— Бул алма багы 1978-жылы тигилген. Биз бул бакты мамлекет менчиктештире баштаганда 1992-жылдан бери багып келе жатабыз. Кудайга шүгүр түшүм жакшы эле болот. Болгону быйыл жаан-чачын кѳп жаагандыктан азырак болуп калды. Өзүн-ѳзү актайт. Биз алма гана багабыз, калган жерге ѳзүбүзгѳ керектүү майда-чүйдѳ огород тигебиз. Бул бак ѳзү беш гектар, узуну канча экенин так билбейм. Бак беш адамга бѳлүнгѳн. Биринчиси биз, экинчиси Мѳкүш акеники, андан кийинки бѳлүк Нурсовет агайдыкы. Анан Райым жана Кубандык деген кишилерге бѳлүнгѳн. Жердин документи бар.


Маектешкен: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн