Лейлек районунун Андарак айылында сарык оорусу август-сентябрь айында көбөйүп кеткен болчу. Учурда оорунун алды алынып, сарык оорусу азайып жатканын айтат айылдык дарыгер.
Сарык оорусу боюнча айылдагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) дарыгери Вахид Кундузов менен маек курдук.
«Сарык илдети менен ооругандар июнь айынан баштап пайда болгон, ошондон кийин адамдар бири-бирине жугузуп көбөйүп кеткен. Андан бери алдын алуу иштери жүргүзүлгөндүктөн, 60 пайызга азайган. Андарак айылында сарык оорусу менен ооругандардын саны сексенге жеткен. Анын көбү 14 жашка чейинки балдар. Көбүнчө 18 жашка чейинкилер сарык оорусун идиш-аяктардан, шилекейден жуктурушат», — деп билдирди Кундузов.
Сарык оорусу боюнча алдын алуу иштери мектептерде, бала-бакчаларда, айыл өкмөттө жүргүзүлгөн. Сарык оорусунун азайышына ҮДТнын ыкчам иштери негиз болгон. Анткени медайымдар үймө-үй кирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.
«Биз ар күн сайын айыл-тургундарына сарык оорусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир үйгө брошюра таркатып, мектептерде, бала-бакчага жана ар бир үйгө түшүндүрүү иштерин азыркыга чейин жүргүзүп келебиз», — дешет медайымдар.

Кескин түрдө көбөйгөндүктөн айыл тургундары чочулап да калышкан.
Сарык оорусун кантип алдын алса болот, кыскача нускама:
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн