Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жүндү иштетүүчү ишкана ачылды. Ишкананын жетекчиси Ажыбек Султанкулов бул ишти эл аралык долбоорлордун негизинде ачылды деп билдирди.
«Негизи жүндү кайра иштетүү идеясы азыркы биздин көйгөй болуп жаткан- талаадагы таштандыларды тазалоо максатында, жүндөрдүн жөн эле өрттөлүп жатканынан келип чыккан.Анан албетте жүндү иштетип Ат-Башы районунун элин сапаттуу кийиз менен камсыз кылуу.
Биз 2014-жылдан бери «ООН Женщины» менен ар кандай долбоорлорду ишке ашырып келебиз, жылда ар кандай багыттагы долбоорлор жазылып, ошол долбоорлордун негизинде ачылды, жана бул жолу Япония өлкөсү каржылап берди. Анын негизинде жүндү тытуучу жана кийиз жасоочу станоктор келген.
Бул долбоордун эң негизги эле максаты- элеттик айымдары колдоо болуп саналат. Анткени жүн иштетүүчү цехтин жардамы менен айылдагы айымдардын жумушун жеңилдете алсак деген ойдобуз.
Бул ишкананын ачылышы мен үчүн чоң стимул болуп берди жана алдыга көптөгөн пландарды түзүп жатабыз. Бул жерден жөн гана кийиз жасап тим болбостон, ат жабдыктарын, кыргыздын унутулуп бара жаткан ала кийиздерин, илгерки чабандар колдонгон «дом палаткаларды», жылуу батектерди жасасак дейм. Келечекте чоң ишканалардын катарын толуктап, жумуш орундарын көбөйткөн ишкана болот деп ишенем».
Азыркы учурда ишканда 5 адам иштеп жатат. Жаздын келиши менен жүндөр чогултулуп, даярдоо иштери башталат. Жогоруда айткандай жүн кыркылган кезде талааларда таштанды болуп калгандыктан, ошол каралбай калган жүндөрдү чогултса болот.
Ат-Башыда жүн менен терини кайра иштетүүчү ишкана курулат
Асель Уркунбаева