Өлкөбүздөгү күйүүчү май кымбаттагандан бери жол киренин баасы дагы күн сайын өзгөрүлүп жаткан учур. Ал эми Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын жол кире маселеси дагы жаралып, таксисттер менен айыл тургундары эки ой-пикирде болуп жатышкан.
Маселен, таксисттер жол кирени 15 сомдон 20 сомго көтөрүүнү сунушташкан. Бирок айыл эли аны менен макул болбой 15 сом бойдон калуусун суранып жатышкан. Айылдык кеңештин депутаттарына, айыл өкмөткө көптөгөн кайрылуулар түшүп, бул маселе боюнча депутаттардын кезексиз 2 сессиясы өткөрүлгөн. Жыйынга айыл тургундары, таксисттердин өкүлдөрү, айыл өкмөт жана депутаттар катышты деп депутаттардын бири Гүланда Асанова билдирди:
«Бул маселе боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүптүр. Андан тышкары айылдагы ватсап группа аркылуу дагы талкууга түшүп жаткан. Ошонун негизинде биз кезексиз ачык жыйын өткөрүп, маселени чечүүгө аракет кылдык. Эки тараптын тең оюн уктук, албетте азыр май кымбаттап жаткан учур, таксисттерди дагы түшүнсө болот. Бирок баары кымбаттап жатканда эл дагы кыйналып жатат. Негизи айыл тургундары таксисттер макул болбосо маршруттук каттам киргизгиле деп суранышкан.
Биздин айыл өкмөт маршруттук линия менен сүйлөшкөндө, алар макулдугун беришкен. Бирок биз таксинин баасын көтөрбөй эле өздөрү жүрүүсүн өтүндүк жана төмөнкүдөй токтом чыгарып, жыйынтыкка келдик:
1-4 класска чейинки окуучулар «орус мектепке» чейин 10сом
5-11-класстын окуучулары ушул эле мектепке чейин 15 сом
Айыл тургундары үчүн «Береке» базарына чейин 15сом, андан ары бара турган болсо 20сомдон төлөшөт.
Эгерде бул токтом менен макул болбой, таксисттер кайра эле 20 сом талап кылса, анда маршруттук каттам киргизилери эскертилди».
Асел Үркүнбаева