19-январь күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл аймагынын генетикалык ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча айылдын жамааттары катышкан семинар өткөрүлдү.
Семинарга айыл тургундары катышты
Семинарды «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму ГЭФ ПМГ долбоорунун алкагында уюштурду.
Бул тууралуу маалыматты «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюмдун жетекчиси Бегайым Мурзалиева билдирди. Семинарга айыл тургундары, мектептин экоактивист окуучулары, айылдагы атайын жамааттын мүчөлөрү, долбоордун катышуучулары катышты. Анда ИСУР фондунун менеджери Анара Момунова долбоордун максаттары жана туруктуулугу боюнча өз оюн айтты.
Андан тышкары, семинардын жүрүшүндө Кыргыз Илимдер Академиясынын илимий Кызматкери Мыскал Ганыбаеванын Ача-Кайыңды айыл аймагынын дары чөптөрүнүн изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча презентация жасады. Аны менен катар жаратылышты коргоодо мыйзам ченемдик актылар боюнча КРнын курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин юристи Б.Койчуманов презентация жасады.
Кыргыз Илимдер Академиясынын кызматкери Мыскал Ганыбаева
Презентациялар бүткөн соң катышуучулар топторго бөлүнүп, бул багыт боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү жана мындан аркы долбоордун жүрүшүнө сунуштарын айтышты.
Катышуучулар топторго бөлүнүп талкуулап жаткан учуру
Белгилей кетсек, Көөнөрбөс Мурас коомдук уюму Ача-Кайыңды айыл аймагындагы жаратылышты коргоо боюнча көптөгөн долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.
Асел Уркунбаева