Азыр дүйнө жүзүндө ылдамдык менен тарап жаткан омикрон штаммы, биздин өлкөдө да катталып жаткан учуру. Ал эми Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПта дагы бул жаңы вируска бир катар даярдыктар көрүлдү.
Маселен, ФАПтын жетекчиси Бурул Муталыпованын айтуусунда, алар жаңы штаммга бардык дагы-дармектер менен камсыз болушкан.
«Биз бул илдетке даярдык көрүү үчүн көрсөтмө алганбыз жана Ат-Башыдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан бардык дары-дармектерди алып келдик. Булар ар кандай антибиотиктер, физрастворлор жана дагы биринчи жардам көрсөтүүдөгү кошумча дарылар алынды.
Андан тышкары, бизде капельница алганга бардык шарттар, орундар бар. Өзүн коргоочу жана ар кандай антисептикалык каражаттар, кислороддук аппараттар дагы даяр.
Бул илдетке чалдыккандар негизинен жеңил өтөт деп жатышат. Тамагы ооруп, температура болушу мүмкүн, бардык белгилери сасык тумоонукундай, бирок бул абдан тез тараганы менен айырмаланып жатат.
Ошондуктан бул оорудан дагы сактанып, бардык гигиеналык шарттарды аткарып, суукта жылуу болуп, киши топтолгон жерге барбай сактаныш керек.
Ал эми биздин айылдын мектебинде окуучулардын сабакка катышышы жакшы эле, ошондой эле бала бакчада дагы балдардын келиши жакшы, биз дагы күндө алардан маалымат алып турабыз, азыр Ат-Башыдагы мектепти карантинге жаап салышты. Бул дагы бизге кооптонууга себеп болушу керек. Антсе да азыркы абалды туруктуу деп айта алам.»
Ача -Кайыңдыдагы башка жаңылыктар менен бул жерден таанышыңыз
Асел Уркунбаева