Учурда ковид -19 вирусуна чалдыккандардын саны өсүп жатат. Жаш балдар чоңдорго салыштырмалуу коронавирустун коркунучуна азыраак дуушар болушат. Ошентсе дагы ооруну жуктуруп алуусу мүмкүн. Алдыда ымыркайлардын саламаттыгы туурасында сөз болот. Суроолорго Бишкек шаардык №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрия боюнча директордун орун басары Диляра Искакова жооп берет.
- Омикрон штаммы жаңы толкун ымыркайларга кандай таасир тийгизет?
— Июль-август айларында өлкө боюнча элдин коронавируска каршы иммунитетине текшерүү жүргүзгөндө 93% балдарда иммунитет бар экени аныкталган. Эпидемиологдор белгилүү бир аймактардагы ата-энелерден сурамжылоо жүргүзгөндө балдар вирус менен оорушкан эмес. Демек, оорунун белгилери жок жеңил түрдө өткөрүп жиберишкен. Ошентсе дагы вирус жуктурган балдар катталып жатат, дагы деле ооруп калуулары мүмкүн. Себеби балдарды вирустан сактап калуу үчүн вакцина дагы сайган жокпуз. Бирок, коронавирус омикрон штаммы дагы балдар арасында сасык тумоонун белгилери менен гана өтүп кетиши мүмкүн. Эт ысып, мурду агып, жөтөлүп, чүчкүрүп өтүп кетет. Андыктан бир гана ковид-19га эмес, түрдүү ооруларга кабылбоо үчүн баланын иммунитети жогоруу болуусу керек.
- Иммунитетти чыңдоо үчүн ата-энелер эмнелерди эске алганы туура?
— Көпчүлүк ата-энелер баланын иммунитетин түрдүү биокошулмалар, витаминдер менен жогорулатууну туура көрүшөт. Бул туура эмес көз караш. Баланын иммунитетин сактоо үчүн биринчи кезекте туура тамак берүү керек. Мындайча айтканда бала 5 маал тамак ичиши керек анын ичинде 3 маал ысык тамак болгону талапка ылайык. Экинчиден туура дем алуу, жетиштүү уктоо зарыл. Ошол эле учурда баланы мезгилге жараша кийиндиргенге аракет кылуу керек. Кышында муздак деп эле өтө калың кийиндирип койгон туура эмес. Бул учурда бала тердеп тескерисинче ооруп калышы мүмкүн. Ошондой эле жеңил кийинген бала, үшүп калган организм батыраак ооруга чалдыгуусу мүмкүн. Бала көбүрөөк кыймылда болуусу керек. Кандай гана аба ырайы болбосун таза абага бир маал алып чыгуу зарыл. Учурда кышкы от жагуу мезгили андыктан бөлмөдөгү нымдуу абаны сактоо керек.
- Ымыркайларда ковиддин белгилери кандай болот? Оорунун башталышын аныктоого боло турган өзгөчө белгилер барбы?
— Ымыркайдыкы деле чоң адамдар сыяктуу сасык тумоонун белгилери менен башталышы мүмкүн. Жаш балдарда эти ысыган азыраак болот. Себеби, дене табынын жогорулашы организмдин коргонуу реакциясы. Башкача айтканда организмге кирген чочун вирустар менен күрөшөт. Ал эми бул жаңы төрөлгөн балада коргонуу реакциясы ылдый. Ошол себептен эти ысыбашы мүмкүн. Жөтөл пайда болот. Эң эле коркунучтуу белгилери 1 айга чейинки ымыркай эмчек эмбей калышы, энтигип дем алуусу, тез-тезден кусуусу жана кечке шалдырап уктай берүүсү же тескерисинче чабалактап уктай албоосу. Бул белгилер байкалган учурда үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алуулары зарыл.
- Балдарда оорунун жүрүшү чоңдордон эмнеси менен айырмаланат? Эмне үчүн жеңил көтөрүшөт?
— Негизи балдарда өнөкөт оорусу барлар азыраак сейрек кездешет десек болот. Баланын организми чоңдорго караганда өнөкөт оорусу жок болгону коронавирусту жеңил өткөргөнүн себеби болушу мүмкүн. Ошол эле эненин сүтүн эмген бала түрдүү оорулардан сактоочу иммунитет болот.
- Кантип ымыркайларды ковид-19 сактайбыз?
— Үйдөн чыкпаган ымыркайга ооруну сырттан келгендер гана жугуза алат. Ошондуктан конокко барганды же үйгө конок тосууну токтото туруу зарыл. Эшиктен келген адамдар баланы аларда сөзсүз түрдө колун жууп, сырткы кийимдерин чечип коюшу керек. Болушунча ооруган адамдардан, көп киши менен байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрүнөн баланы оолак кармаган туура.
Ковид-19 туурасында бул материалдарды дагы окууну сунуштайбыз:
Омикрондун белгилери кадимки ОРВИге окшош
Коронавирустун жаңы штаммы Омикрон 63 өлкөгө тарады
Иммунитетти кантип бекемдөө керек?
КОВИД-19: Организмди калыбына келтирүү