Талас шаарындагы медициналык колледжинде адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XI эл аралык фестивалынын алкагында регионалдык даректүү тасмаларды көрсөтүүлөр болду. Ал жактан студенттер, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Негизинен эле бул фестивалдын максаты адам укуктары жана эркиндиктери көйгөйлөрүн саясий- социалдык жана эканомикалык таризде көрүүчүлөрдүн терең түшүнүүсүндө, аларга сын көз караш менен карап жана андан чыгуу жолдорун талкулоого мүмкүнчүлүк берүүчү документалдык фильмдер аркылуу илгерилетүү болуп саналат. Тасмалар “Жашоо керемет”, “Болуш”, “Каратегиндеги кат”, “Биз адамзат”, “Теңчилик: баары үй – бүлөдө”- аттуу даректүү тасмалар болуп көрүүчүлөрдүн арасынан Насирдин кызы Альбинанын айтымында:
Биз бул жерден көргөн ар бир тасмалардан жалаң кана биздин бүгүнкү турмушубузга керектүү сабактарды ала алдык десем жаңылышпайм. Бул жердеги көзү азиз же ден — соолугунан жабыр тарткан адамдарды көргөндө биздин жашоого болгон көз карашыбызды өзгөрүп, же башкача айтканда ар бир адамга стимул берип жашоо бул керемет экендигин ачык көрө алгандай болдук.
Ушул эле ойлорду толуктап кеткен мед. колледждин мугалими Бектурсунова Махабаттын айтымында:
Негизинен эле азыркы учурда жаштарга сабак калтыруучу сөздөрдү жөн кана айтып койбостон, ошолорду иш жүзүндө көрсөтө албасак да ушундай тасмаларды көрсөтсөк эң жакшы болмок, жана ошондой эле ушул “Бир дүйнө” коомуна терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин, себеби азыркы учурда жаштар билимге суусагандай эле ушундай сабак калтыруучу тасмаларга да өтө эле муктаж.
Негизинен эле ар бир катышуучу жүрөктө ойлондуруучу өзгөчө сезимдерди калтыраарын айтып, тасмаларды көрсөтүүнүн соңунда ар бир катышуучу өз оюн толугу менен айтып, ой бөлүшө алышты.
Даярдаган: Толгонай Тимурова.