Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагында 19-март күнү нооруз майрамына карата райондук деңгээлдеги волейбол боюнча турнир өттү. Турнирге райондун 10 айыл өкмөтү жана шаар башкармалыктарынан оюнчулар катышты.Оюн эртеден кечке кызуу жүрүп, аягында Лейлек айыл өкмөтү жеңишке жетти. Бул тууралуу маалыматты Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдураим Жураев төмөнкүчө билдирди:
«Оюн жогорку деңгээлде өттү. Бардык айыл өкмөттөр активдүү катышып берди. 1-орунду Лейлек айыл өкмөтү, 2-орунду Исфана шаар башкармалыгы, ал эми Катыраң айыл өкмөтү 3-орунду багындырды. Биз кезекти Лейлек айыл өкмөтүнө өткөрүп бердик»,-деп билдирди жооптуу катчы.Байгелүү оюндар үчүн атыйын акчалай сыйлыктар жана эң жакшы 4 оюнчу үчүн кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Лейлек айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча адиси Нурлан Эгембердиевдин дагы оюн угуп көрдүк:
«Ушундай саамалык Лейлекте ыр-кесе катары өтөт. Бул иш чара жаштардын спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт. Спортту өнүктүрүү, элдердин ден- соолугун чыңдоо, айыл өкмөттүн негизги милдети болуп саналат».Даярдаган: Данияр Бахридин уулу