Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апаратынын жыйындар залында КР өнөр жай, энергетика жана жер пайдалануу комитетинин орун басары Азис Сапаралиев менен айыл аймак башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жыйын болуп өттү
Жыйында тоо кен, энергетика жана өнөр жай боюнча статистика көрсөтүлдү. Суроо-жоопко өткөндө, электр энергиясы тармагынан маселелер көп айтылды. Анын ичинен мектептеги электр энергия үчүн төлөм, трасформатор, жаңы 77 конушка электр мамычаларын орнотуу маселелери айтылды. Эскилиги жеткен электр зымы өткөн карагайлардын туудуруп жаткан коркунучу, төлөмдөрдүн кымбат баада болушу баса белгиленди. Комитеттен келген өкүл маселелер каралаарын айтты.
Даярдаган: Ботукеев Зоотбек