Талас облусуна караштуу Жергетал айылынын Мейилкан Козубекова атындагы орто мектебинде Респубиликалык алкакта «Канткенде адам уулу адам болот» — деген темада Чынгыз Айтматовтун эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралу кененирээк маалыматты Мейилкан Козубекова орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан мугалими Касымалиева Нуриянын айтымында:
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович агабыздын быйыл 90 жылдыгы Республиклык деңгээлде өткөроүлүп жаткандыктан биздин Жергетал айылынын Мейилкан Козубекова атындагы орто мектепте окуучулардын чыгармачылыгы менен өздөрүнүн талантттарын көрсөтүшүп, Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгармаларынан үзүндү көрсөтүштү, жана бул эскерүү кечеге Талас районунун акимчилиги, айыл өкмөт, ата-энелер, мугалимдер катышышты.
Негизинен эле бул эскерүү кечеге келген көрөрмандардын баары ыраазы болуп кетишкенин айтышты.
Даярдаган: Толгонай Тимурова