Концерттен кийин ат чабыш оюну болот. Биринчи байгеге тай коюлат, экинчи байгеге кой жана акчалай сыйлыктар коюлат.
“Мен, Жамгырчиева Эльмира, солто уруусунун келини болом. Урматтуу агайын туугандар сиздерди нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм.
Нооруз майрамы ыймандуулуктун, кайрымдуулуктун, адилеттүүлүктүн кунү. Нооруз майрамы жаз майрамы деп эсептешсе, экинчиден жаңы жыл деп эсептеп келишкен. Нооруз күнүндө урушкандар табышып, касташкандар жарашышат. Элди ынтымакка алып келет. Майрам күнү сиздерге куунак көңүл, баардык ой максаттарыңардын орундалышын каалайм. Нооруз майрамында ынтымак ырыс болсун. Өрүшүбүз малга кампабыз данга толсун”.
“Саламатсыздарбы урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары. Мен, Мамбеткулов Уран. Нооруз майрамында оюн зооктор болот, концерт коюлат, ат чабыш болот. Тамашасын жакшылап өткөрсөк деп ойлоп жатабыз”.
Солто уруусуунун келини Капсаламова Светанын айтуусу боюнча, солтонун кыз- келиндери да Ноорузга эң жакшы концерттик программаларды, оюн зоокторду, даярдап жатканын айтты.
Даярдаган: Данияр кызы Назик
Сынак үчүн