«Адам жана коом» предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстерди окуп үйрөнүү боюнча 2023-жылдын июль айынын башында республикалык форум-тренинг болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты КРнын жалпы билим берүү уюмдарынын 7-8-класстарынын окуучулары үчүн “Адам жана коом” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер менен тааныштырып, алардын пикирлерин угуу жана 2021-2026-жылдары КРда “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясы менен тааныштыруу болгон. Форум-тренингге 50дөй адам, республика боюнча келген предметтик мугалимдер, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышышты.
Балыкчы шаарынан С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Анара Асанбекова, З.Исаева атындагы №4 мектеп-гимназиясынын мугалими Өмүргүл Карачева барышкан. Иш-чаранын жүрүшү боюнча сурап кайрылганыбызда Анара Асанбекова төмөнкүлөргө токтолду:
“Азыркы учурда жалпыга маалым болгондой, 5-6-класстары үчүн “Адам жана коом”, 9-10-класстары үчүн “Жаран таануу” предметтери өтүлөт. Бирок, 7-8-класстарынын окуучулары үчүн “Адам жана коом” китеби даяр болбой жаткандыктан, ал сабак окутулбай келген. Бул иш-чарада ошол жаңы жазылып жаткан китеп презентацияланып, предметтик мугалимдер, биз, эксперт катары өз пикирлерибиз менен бөлүштүк.»
Бул республикалык форум-тренинг “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук фонду тарабынан каржыланды.
Зубаржад Жалилова