Турмуш куруу максатында мажбурлап адам урдоо (Ала качуу) көбүн эсе элет жерлеринде орун алып келет. Муну айрым адамдар жактап, салт деп эсептеп келишкен. Түпкүлүгүндө бул салт болгону талаш-тартыш жаралып келет. Бирок кызды эркине каршы ала качуу бул туура эмес.
Заман ѳзгѳрүп доор жаңырган сайын мыйзамдар дагы ѳзгѳрүлүп жатканы баарыбызга белгилүү. Ошону менен катар эле адамдардын дагы ой-пикирлери, кѳз караштары ѳзгѳрүп келет. Бүгүнкү күндѳ толугу менен кыз ала качуу салты токтоду деп айтуудан алыспыз. Бирок, ошого карабастан «ала качуу салт эмес, бул кылмыш», — деген пикири менен Барскоон айылынын 72 жаштагы тургуну Бүбү Жумаева бѳлүштү.
Бүбү апа учурда тѳрт кыз, үч уул, жыйырма үч небере, сегиз чѳбѳрѳнүн сүйүктүү апасы, чоң эне жана тайэнеси. Апа жаш кезинде ѳмүрлүк жубайы менен сүйлѳшүп жүрүп баш кошушканын эскерди. Анын айтымында ошол учурда эле ала качуу деген бар болчу. Бирок, ѳмүрлүк жолдошунун ата-энеси куда түшүү жолу менен алып келгендигин кошумчалай кетти:
«Мен ушул күнгѳ чейин ѳз неберелериме айтып келем, үйлѳнсѳңѳр сүйлѳшүп алып келгиле,- деп.Түбѳлүктүү бүлѳңдү жакындан таанып билип алыш керек деп эсептейм. Ал эми кыздар-балдарымдын баары ѳздѳрү сүйлѳшүп, жактырган кыздар-балдарга үйлѳнүштү».
«Барскоон айылынын тургуну Бактияр Таабалдиев көп эле кыздар каалабаган эле эркектин менчиги болуп калып жатышат. Бирок мындай кѳрүнүш мыйзамга жол бербеш керек. Ала качуу боюнча мыйзам бар деп айтканыбыз менен толук кандуу иштебей келет. Себеби, ала качып келген кыздын ата-энеси менен баланын ата-энеси эки тараптуу сүйлѳшүүнүн негизинде ишти бүтүрүп коюшат. Бул учурда мыйзам күчүн жоготкондой болот. Бул учурда жаштардын баары ушул жагдайды колдойт деп айтуудан алыспыз. Анткени, биздин үйдө эч ким ала качкан эмес, мен деле буга барган жокмун», — дейт.
«Менин оюмча ала качуу бул туура эмес. Кѳчѳдѳ кетип бара жаткан кызды эле жулмалап машинага салып алып келип, жоолук салуу бул кылмыш. Бардык жаштар ала качат деп айтууга болбойт. Кээ бирлери 5-6 жыл боюу сүйлѳшүп анан үйлѳнүшѳт. Ал эми кээ бир жигиттер кыздар менен сүйлѳшѳ албай теңтуштарынын жардамы менен үйлѳнүшѳт. Эч качан кѳрүп билбеген кыз башка үйгѳ келип келин болуп жашап кетүү кыйын. Кээ бирлери ѳз ѳмүрүнѳ кол салып келишет. Ѳлкѳбүздѳ деле ала качуу боюнча фактылар катталды го. Бирок кѳңүл толоорлук деле чечим болгон жок. Мисалы, мен келинчегим менен сүйлѳшүп жүрүп үйлѳндүм. Азыркы күндѳ экѳѳбүздүн ортобузда эч кандай сыр жок. Экѳѳбүз бири-бирибиздин ата-энелерибизди сыйлап келебиз».
Адам укуктарын коргогон эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда кыз ала качуу олуттуу көйгөй экенин коңгуроо кылып айтып келишет. Бир катар иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй Кыргызстанда 60%дан ашуун үй-бүлөлөр ала качуу жолу менен курулат.
Көп учурда ала качып кеткенде кыздар өз укугун коргой албай басынып келишет. “Эл эмне дейт?” же болбосо ата-энесинин «Бизди уят кыласын эл караган бетибизди жер каратасыңбы?» -деген түшүнүктөн алыс кете албай бактысына балта чаап келишет.
Барскоон айылынын тургуну Алтынай Амантаева ала качууну токтотуу үчүн кыздарга ѳз укуктары жѳнүндѳ билим кѳбүрѳѳк окутуу керек дейт. Себеп дегенде кыргыздын каада-салтына такап койсо эле укугун коргой албай отуруп калышарын кошумчалады.
«Негизинен кыздарга мектепте окуп жүргѳн кезинен баштап эле ѳз укугу боюнча кѳбүрѳѳк билим бериш керек деп ойлойм. Кѳпчүлүк кыздар ѳз укуктарын билбей ала качуунун курмандыгы болуп келишет. Мен негизинен эле ала качууга каршымын. Себеби, тааныбаган бирѳѳ менен бир үй-бүлѳ болуп жашап кетүү кыйын. Кээ бир үй-бүлѳ бар ала качуунун аркасы менен бактылуу ѳмүр сүрүп келе жаткан. Бирок, баары бир бирде болбосо бирде ортодо түшүнбѳстүк пайда болот деп эсептейм. Ошондуктан бойго жеткен кыздар ѳз укуктарын толугу менен билип алса келечекте бактылуу болут деп ойлойм».
Ала качып кеткен кыздын кайра ѳз үйүнѳ кайтып келиши ата-эненин намысын тепселейт деген эски түшүнүктү азыркы учурда деле карманган адамдар бар. Ошентип, ала качууга туш болгон кыз барган жеринде отуруп калса да, отурбай кетип калса да психологиялык травма алары анык. Бакубат үй-бүлө эки тараптуу макулдашуудан гана курулат.
Гүлкайыр Осмоналиева