Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин “Сеул” бий ансамбли ар кандай республикалык, эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып келүүдө.
Июнь айында КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, “Жаш кыял” музыкалык театры тарабынан уюштурулган “Достук шаңы-2023” чыгармачыл жаштардын IX Республикалык кароо сынагында Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин “Сеул” бий ансамбли 1-орунду алышкан.
Ал эми июль айында хореографтардын эл аралык союзу тарабынан уюштурулган “Алые маки” эл аралык сынагында 2-орунду багындырышты. Эл аралык сынак Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринен келген 40дай коллектив катышкан. Ансамблдин жетекчиси Айзат Айдарбекова сынак тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
«Биз бул сынакка бир ай даярдандык. Кыска убакытта талыкпай даярдануунун жыйынтыгы менен 2-орунду камсыз кылдык».
Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебинин “Сеул” бий ансамбли 2018-жылы Айзат Айдарбекова тарабынан түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн учурда 5 кыз менен гана бий тобу болуп ачылган. Ал эми азыркы учурда жогорку группада 20 чакты, ал эми орто жана кичи группада 50гө чукул кыз тарбияланып жаткандыгын билдирди. Айзат Айдарбекова өзү кичине чагынан музыкалык мектептин бий ийримине катышчу. 2-курсту аяктагандан кийин Балыкчы шаарындагы Болот Миңжылкиев атындагы балдар музыкалык мектебине келип, “Сеул” бий тобун түзүп, иштеп баштаган.
Зубаржад Жалилова