КРнын Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбековдин катышуусунда билим берүү тармагындагы «Жыл мыктылары» сыйланды.
Иш-чара 2023-жылдын 10-июль күнү Каракол шаарында өтүп, Ильяз Иманбековдун куттуктоо сөзү менен башталды.
Облус аймагындагы бардык билим берүү тармагында жараткан ийгиликтери үчүн мугалимдерге, студенттерге жана окуучуларга Ардак грамота, диплом жана сыйлуу белектер берилди.
Мисалы, 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон 7 бүтүрүүчүгө диплом жана iPad, республикалык олимпиадада байгелүү орундарга татыган окуучуларга диплом жана смартфон телефондор берилди.
Ал эми ошол окуучуларды мыкты деңгээлде даярдап, ийгиликке жетишкен мугалимдер да сыйлуу белектерге татышты.
«Жыл мугалими-2023» сынагынын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чара музыкалык концерттин коштоосунда болуп өттү.
Зубаржад Жалилова