Үч жылдан бери коомдук жана эс алуучу жайларда, көчөлөрдө, унаа жолдордо, ири соода түйүндөрүнүн алдында электромопед, электроскутер тепкен жаштар жана өспүрүмдөр дээрлик көбөйдү. Айдоо эрежелерин сактабастан (балким билбеши да мүмкүн) алардын унаа жолдордо экиден, айрым учурда үчтөн деле отуруп, айдап жүргөндөрүн көрүүгө болот.
Мурда кечкисин эс алуу аянттарында жүрүшсө, азыр бардык жерде. Бул албетте өздөрү, айдоочулар жана жай адамдар үчүн да кооптуу жагдайды пайда кылат. Анткени эрежеси боюнча велосипед жолдо, атайын кийимин (шлем) кийип тебүү керек.
“Тилекке каршы бизде андай талапка жооп берген атайын жол дагы, жол белгилер дагы жок. Жашоочулардан, айдоочулардан арыз-даттануулар болот. Бирок, биз тыюу сала албайбыз. Түшүндүрүү иштерин гана жүргүзөбүз” дейт Ак-Талаа РИИББнүн ЖККК бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын майору Алманбет Керимов.
Анын айтымында жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу боюнча мыйзамда эскертүү жана айып пул (190-берене. КРнын Укук бузуулар кодекси) каралган.
“Мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө ушул көчмө унааларды айдагандарга А категориясын берүү менен айдоочулук күбөлүктүн негизинде айдоо сунуштарын берип жатабыз. Эми аны убакыт көрсөтөт” деди.
Электрондук транспортту башкаруу, айдоо эрежелери бар. Кийимин (шлем, тизе жана чыканак коргоочу) дагы өз эрежеси менен кийип, туура отуруу керек. Тең салмакты жоготуучу оор баштык артынып, шиш така кийип тебүүгө болбойт. Ошондой эле тротурарда, эл көп жүрүүчү жайларда тебүү талапка ылайык эмес.
Барчын Мамытбекова