Үй-бүлөдө баланы тарбиялоо энеге эле жүктөлбөш керек. Бүгүнкү күндө баланы тарбиялоодо энелерге көп милдет жүктөлүп аталар акча таап келүү менен чектелүүдө. Бирок мындай көз караштарды туура эмес деген айыл тургундары аталарды да бала тарбиялоого катышууга чакырышат.
Бала тарбиялоо милдети көпчүлүк учурда энелерге жүктөлүп, аталар балдарды өстүрүүгө дээрлик катышпай келишет. Аталар үйдү материалдык жактан эле камсыздап, үй-бүлөдөгү балдар кандай тарбияланып жаткандарынан кабар алышпайт. Бүгүнкү күндө балдар ата мээримине муктаж болуп жатышат.
Бурул Майрамбек кызы