Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 2-класстын уюштуруусундагы “Адептүүлүк — адам көркү” деген темада ачык сабак өтүлдү. Бул ачык сабакта балдарды адептүү болууга үйрөтүү жөнүндө сөз болду.
Ошондой эле ачык сабакка активдүү катышкан окуучулар атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Класс жетекчи Жыпаркүл Сегизекова заманга жараша адепсиздик да күч алып бара жаткандыгын өз сөзүндө белгиледи.
“Окуучуларды ар кандай сценкалар аркылуу адептүү болууга аз да болсо үйрөтүү максатында классым менен ачык сабак өттүм. Башкаларга да жакты деген ойдомун”, — деди Сегизекова.

Бул ачык сабакка күбө болгон мектеп директору Калык Албанов “сабактын мага жакканы адептүүлүккө үйрөткөн иш-чаралары абдан жакшы болду. Ошондой эле “Түкүрбө” акциясын классы менен жүргүзүшүптүр. Эң башкысы бул класстын бардык окуучулары активдүү катышып беришти” деди.
Даярдагандар: Төлөгонов Арлен, Темирлан Кыдыров
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн